Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 07:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Талапкерлердин фондунан үгүт иштери үчүн Садыр Жапаров эң көп каражат сарптаган (тизме)

14.12.2020 09:51
712
Талапкерлердин фондунан үгүт иштери үчүн Садыр Жапаров эң көп каражат сарптаган (тизме)

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо өткөрүү мыйзамдарына ылайык, банк мекемелери БШКга талапкерлердин атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты жума сайын берип турууга милдеттүү. Ушуга байлануштуу БШК кайсы талапкер канча чыгым кылганын жарыялады.


Кыргыз Республикасынын БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу 11-декабрга карата 18 талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын кыймылы жөнүндө маалымат берди.


Бабыржан Төлбаевдин эсебинде 5 миллион 202 миң 875 сом болгон, анын 2 миллион 62 миң 375 сому сарпталды.


Садыр Жапаровдун эсебинде 19 миллион 17 миң 600 сом болгон. 17 миллион 718 миң 20 сому сарпталган.


Аймен Касеновдун эсебинде 2 миллион 310 миң 305 сом болгон. Чыгымдары - 1 миллион 995 миң 520 түзгөн.


Арстанбек Абдылдаевде 1 миллион 560 миң сом болгон. Чыгымдары 1 миллион 550 миң 455 сомду түзгөн.


Равшан Жээнбековдо 1 110 000 сом болгон. Анын 1 миллион 103 миң 555 сому сарпталган.


Курсан Асановдун  эсебинде 1 миллион 483 миң сом болгон. Чыгымдары  1 миллион 48 миң 735 сомду түзгөн.


Элдар Абакировдо 1 миллион 265 миң сом болгон. Чыгымдары  1 миллион 52 миң 422 сомду түзгөн.


Адахан Мадумаровдун эсебинде 1 миллион 163 миң 100 сом болгон.  1 миллион 160 миң 860 сому сарпталган.


Абдил Сегизбаевде 1 миллион 509 миң 910 сом болгон. Чыгымдары  1 миллион 485 миң 634 сомду түзгөн.


Жеңишбек Байгуттиевде 2 миллион 934 миң 100 сом болгон. Анын 2 миллион 533 миң 216 сому сарпталган.


Арстанбек Мыктыбекте 1 миллион 110 миң сом болгон. Чыгымдары 1 миллион 105 миң 160 сомду түзгөн.


Клара Сооронкулованын эсебинде 1 миллион 26 миң 900 сом бар. Анын 1 миллион 12 миң 450 сому сарпталган.


Рашид Тагаевде 3 миллион 722 миң 500 сом болгон. Чыгымдары 1 миллион 627 миң 607 сомду  түзгөн.


Бактыбек Калмаматовдун эсебинде1 миллион 302 миң 20 сом болгон. Анын 1 миллион 176 миң 705 сому чыгымдалган.


Каныбек Иманалиевде 1 миллион 20 миң сом болгон. Анын1 миллион 7 миң 620 сому сарпталган.


Имамидин Ташовдо 1 миллион 800 миң сом болгон. Чыгымдары 1 миллион 799 миң сомду түздү.


Канат Исаевде 1 миллион 177 миң сом болгон. Анын 1 миллион 55 миң 65 сому сарпталган.


Улукбек Кочкоровдун эсебинде 1 миллион 121 миң 500 сом бар. Анын 1 миллион 121 миң 482 сому сарпталган.


Жалпысынан талапкерлер 49 миллион 835 миң 807 сом чогултуп, 41 миллион 616 миң 691 сарпташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн