Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Миллиондордон баш айланат. Талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнө сарптаган каражаттары (тизме)

05.01.2021 09:18
994
Миллиондордон баш айланат. Талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнө сарптаган каражаттары (тизме)


"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын беренелерине ылайык, банк мекемелери БШКга талапкерлердин атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты жума сайын берип турууга милдеттүү.


Маалыматтар жеткиликтүү болгондо, жеке маалыматтар жана банктык купуялуулук жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылат.


БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2020-жылдын 31-декабрына карата 17 талапкердин шайлоо фондунан акча каражаттары жөнүндө маалымат берет.


Садыр Жапаров 57 млн 530 миң сом

Канат Исаев 1 млн 348 миң  сом

Арстанбек Мыктыбек 1 млн 115 миң сом 

Клара Сооронкулова 1 млн 50 миң сом

Имамидин Ташов 4 млн 924 миң сом

Абдил Сегизбев 4 млн 546 миң сом

Адахан Мадумаров 2 млн 845 миң сом

Аймен Касенов 3 млн 758 миң сом

Улукбек Кочкоров 1 млн 654 миң сом

Жеңишбек Байгуттиев 2 млн 963 миң сом

Эльдар Абакиров 1 млн 563 миң сом

Курсан Асанов 2млн 494миң сом

Арстанбек Абдылдаев 2 млн 305 миң сом

Равшанбек Джеенбеков 3 млн 143 миң сом

Бактыбек Калмаматов 1 млн 410 миң сом

Бабыржан  Төлбаев 10 млн 872 миң сом

Каныбек Иманалиев 1 млн 962 миң сом


Жалпысынан талапкерлер 114 миллион 258 миң 464 сом чогултуп, 105 миллион 470 миң 992 сарпташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн