Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:13
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Талаптарды бузган пансионаттар жабылат, - Балбак Түлөбаев

04.08.2020 16:15
1132
Талаптарды бузган пансионаттар жабылат, - Балбак Түлөбаев


Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев облустагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын белгиледи. Ал мындай маалыматты иш сапары менен жүргөн президент Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөн учурунда айтты.

Анын айтымында, Чолпон-Атада түнкү барлар жана кальян-барлар жабылат. Ошондой эле ал пансионат ээлерине коопсуздуктун алгоритмин сактоо өтүнүчү менен кайрылганын, андай болбогон учурда жалпы кабыл алынган эрежелерди сактоо тууралуу талаптарды бузган пансионаттар дагы жабылаарын айтканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жиберишти. Өкмөт учурдагы маселелерди чечүүгө ар тараптан жардам берип жатат, бизге ошондой эле ыктыярчылар менен меценаттар көмөк көрсөтүшүүдө», — деп маалымдады Балбак Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн