Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы Талас дарыясына 6 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас дарыясына 2014-жылы туулган М.И. аттуу бала түшүп кеткен. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар суудан баланын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн