Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 18:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Талас мамлекеттик университетинин ректору абитуриенттерди кабыл алууда системалуу түрдө пара алып тургандыгы аныкталды

Талас мамлекеттик университетинин ректору абитуриенттерди кабыл алууда системалуу түрдө пара алып тургандыгы аныкталды

Талас мамлекеттик университетинин  кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында ТалМУнун ректору У.А.Ш. жана башкы бухгалтери К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТалМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги” (отметка) катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталды.


Мындан тышкары, аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.


Ошондой эле А.У.Ш. кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, КР Кылмыш-Процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык У.А.Ш. Талас областык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн