Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Талас мэриясынын жетектөөчү кызматкери камакка алынды (фото)

09.06.2020 11:12
877
Талас мэриясынын жетектөөчү кызматкери камакка алынды (фото)

 

Талас Мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу (МНБ) башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 29 жаштагы Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.


Ага карата 326-берене (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, Талас облусттук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн