Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:51
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Талас облустук администрациясынын имаратынын айрым бөлүктөрүн ижарага берген аткаминерлер аныкталды

29.09.2021 19:10
962
Талас облустук администрациясынын имаратынын айрым бөлүктөрүн ижарага берген аткаминерлер аныкталды

Талас облусундагы бийлик бутактарындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Талас облусундагы бийлик бутактарынын коррупциялык схема аныкталды.


Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыктары үчүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараттарда жайгашкан кеңсе жайларды коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берүүдөн алынган каражаттарды мыйзамсыз өздөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды.


Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн арналган ведомстволук үйдө коммуналдык кызматтарга жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз акча төлөнүп турган.


Жогорудагы материалдардын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн