Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Талас облусун өнүктүрүү фондуна бюджеттен 20 млн сом которулду

17.08.2021 09:46
1390
Талас облусун өнүктүрүү фондуна бюджеттен 20 млн сом которулду

16-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун, Талас облусунун өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эмир Тыныбеков жана Фонддун жаңы бекитилген Башкаруу органынын курамы менен расмий жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы аталган фонддун буга чейинки аткарган иштерине токтолуп өтүп, мындан ары каржылоону приоритеттүү багыттары, катары: - экономикалык жактан өнүгүү, иш орундарын түзүүчү өндүрүш ишканаларын ачуу боюнча ири долбоорлорго жана эң негизгиси дыйкандардын айыл чарба продукцияларынын түшүмүн жогорулатуу максаттарына, тактап айтканда, сугат суу тартыштыгына байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүүгө басым жасалуусу керектиги тууралуу өз оюн билдирди.


2021-жылга карата Фонддун эсебине түшүүсү күтүлгөн каражаттардын алгачкы 20,0 млн. сому облус башчысы Бакытбек Нарбековдун көмөгү менен республикалык бюджеттен которулуп берилди. 


Каражат Жерүй кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерилген акча каражаты болуп саналат.


Жыл аягына чейин жалпысы 100,0-150,0 млн. сом түшүүсү күтүлөт. 


Жыйынтыгында Бакытбек Нарбеков, Фонддун Башкаруу органынын жалпы курамына ийгиликтерди каалады.

 

Эске салсак, Талас облусунун өнүктүрүү фонду 2016-жылы түзүлгөн.


Фонддун негизги максаты шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулуктарынын жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат.


Фонддун эсебине алгачкы жолу 2016-жылы республикалык бюджеттен 170,4 млн. сом акча каражаты которулган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн