Бакытбек Наркулович Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгү билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Жаңы дайындалган өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү 9-мартта жамаатка тааныштырылды.
Нарбеков Бактыбек 44 жашта, Кара-Буурин районунун Көк-Сай айылында туулган. Кесиби боюнча экономист, экономика илимдеринин кандидаты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн