2022-жылдын 10 айында Талас облусунун аймагында 105 жол-унаа кырсы катталып, анын кесепетинен 15 адам каза болуп, 179 адам жаракат алган. Бул тууралуу Талас ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
"Автоунаа айдаганда, жолдо жүргөндө жол кырсыгына кабылып андан жабыр тартып калбоо үчүн өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугун сактап ар дайым жол эрежелерин сактоону сунуштайбыз, анткени адам өмүрү баарынан кымбат.
Коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын эрежелерине баш ийип аны аткаруу баарыбыздын милдетибиз жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымыбыз",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн