Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Талас облусунда 11 800 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди (фото)

08.05.2020 14:38
1043
Талас облусунда 11 800 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди (фото)


Талас облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары өкмөт тарабынан 618,25 тонна ун, 9849 кг макарон, 10368 литр өсүмдүк майы, 9845 кг күрүч, 3224 кг кумшекер, 1335 кг эт, 175 даана чай берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жалпысынан 11 809 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 436 миң 735 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 тонна хлор 84000 даана бет кап, 1643 литр антисептик, 865 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол кап берилди.

Сыртта эмгектенген кыргыз мекендештер тарабынан Талас шаарындагы 75 үй-бүлөгө 1440 кг ун жана 75 литр суу май, 1 кг макарон жана 1 пачка чай азык-түлүк топтому таркатылып берилди.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн