Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Талас облусунда “Кадастр” кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз документтештирген

28.02.2023 16:55
291
Талас облусунда “Кадастр” кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз документтештирген

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен, үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен.


Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 346-берененин 2-бөлүмү ("Кызматтык жасалмалоо") боюнча Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Н. кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.


Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары, анын ичинде аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн