Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Талас облусунда контрабандалык дары-дармектердин партиясы кармалды

27.06.2022 14:47
482
Талас облусунда контрабандалык дары-дармектердин партиясы кармалды


Талас облусунда контрабандалык дары-дармектердин партиясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.


«26-июнь күнү «Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган учурда кармалган. Транспорттун ичинен үй буюмдарынын астына катылган 28 куту дары-дармектер табылган. Ошол эле учурда товардын документтери болгон эмес. Дары-дармектерди ташуу боюнча милдеттүү шарттар аткарылган эмес», - деп айтылат маалыматта.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дары-дармектерди мыйзамсыз жеткирүүгө тиешеси барларды издеп жатат. Милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөгөндүктөн келтирилген зыяндын өлчөмү белгиленет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн