Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Талас облусундагы бардык мектептер онлайн окутуу режимине өттү

14.12.2022 17:04
509
Талас облусундагы бардык мектептер онлайн окутуу режимине өттү

Талас облусундагы бардык мектеп жана бала бакчалар 10 күнгө карантинге жабылды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 13-декабрда саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча облустук Координациялык кеңештин жыйыны болуп, эпидемиологиялык абал талкууланды.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, жыйындын жыйынтыгында инфекциялык оорулардын жайылып кетишин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 14-декабрдан 24-декабрга чейин облустагы бала бакчаларды жана мектептерди карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн