Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Талас облусунун башчысы АКШнын элчиси менен жолугушту

14.04.2023 12:40
488
Талас облусунун башчысы АКШнын элчиси менен жолугушту


Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын Талас облусунда өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.


Лесли Вигери, Талас облсунда математика жана англис тили боюнча атайын 2 жылдык окутуу программасын ишке ашырууну көздөп жатканын айтты.

Өз кезегинде Нурлан Дарданов, эки өлкө бир нече тармак боюнча достук мамиледе тыгыз кызматташып бир нече долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилеп өттү.


Ошондой эле, облус башчысы Талас шаарына оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар үчүн “Кризистик борбор” ачуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ребилитациялык борборлоруна каржылык жардам көрсөтүү, Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) тарабынан ишкер аялдарга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү улантуу жана гемодиализге муктаж адамдарга Кара-Буура районуна имарат салууга каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү, Лесли Вигери мырзага сунуш кылды. 


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактарда кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн