Бугу 11, 2024
Убакыт: 03:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Талас облусунун башчысы окуучуларга президенттин белектерин тапшырды

28.12.2021 09:41
452
Талас облусунун башчысы окуучуларга президенттин белектерин  тапшырды

27-декабрда Талас облусундагы социалдык жактан колдоого муктаж болгон балдарга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жаңы жылдык белектери тапшырылды.  Бул тууралуу президенттин Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.


Ал эми Президентке кат жазган 3 балага өлкө башчысынан уюлдук телефон жана жаңы жылдык белектер берилди. 


Президенттин белектерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков тапшырды.


Өз сөзүндө облус башчысы балдарды жаңы жылы менен куттуктап алар менен келечек тууралуу баарлашты. 

Ошондой эле облус башчысы балдарды коштоп келген ата энелерге "Манас" китебин белекке берди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн