Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Талас облусунун губернаторуна коронавирус чыгар деп президент буйрук бергенби?

11.06.2020 14:05
12653
Талас облусунун губернаторуна коронавирус чыгар деп президент буйрук бергенби?

 

Талас облусунун губернаторуна коронавирус чыгар деп президент буйрук бериптир деген жалган маалымат таркап жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев 11-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, инфекция бар үчүн экономиканын артка кеткенине карабай элдин саламаттыгы үчүн чектөөлөр киргизилүүдө.


Талас облусунун губернаторуна коронавирус чыгарыш керек экен деп урматтуу президентибиз Сооронбай Жээнбеков тапшырма бериптир деген жалган маалымат таркап жатат. Мен баарына кайрылат элем, кечээ бир учур катталганда канча деген күчтөр тартылды. 212 кишиден анализ алынып чоң чыгымдар кетти, биз мындан качуубуз керек. Баарыбыз Саламаттыкты сактоо министрлиги берген алгоритмди сактап, беткап тагып, санитардык талаптарды аткарганда мындай чыгымдар болбойт эле”, - деди Мураталиев. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Роллан
Ким айтса да келесоо!
Бурул
Шамаал болбосо талдын башы кыймылдабайт , демекчи, болушу да мумкун. Шайлоого карата даярдыктын Бир техникасы
Изаттулло
Ооба шайлоого даярданып жатышат булардан амал качып кутулбадыго