Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 15:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Талас облусунун мурдагы башчысы ири коррупция боюнча кармалды

Талас облусунун мурдагы башчысы ири коррупция боюнча кармалды

Таласта ири коррупцияга шектелип мурдагы жана учурдагы жетекчилик кызматты ээлегендер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан аларга карата кылмыш ишин козголду.


Кылмыш ишинин негизинде Талас облусунун мурдагы башчысы Бакытбек Нарбеков, Талас шаарынын мурдагы мэри Ш.А.А.,  Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т., Талас облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы начальниги С.С.О. жана  "Ника КG” ЖЧКнын өкүлү А.у.А. кармалды.

 

Алар тигүү фабрикасын курууга ыңгайсыз шартта келишим түзүп, жалпы суммасы 82 млн сом (баасы жасалма түрдө жогорулатылган) болгон долбоорду жактырган. Ошондой эле “Ника KG” курулуш компаниясынын эсебине Талас облусун өнүктүрүү фондунун эсебинен 25 млн сом мыйзамсыз которулган. УКМК бул сумманын бир бөлүгүн аталган чиновниктер “жеп” алышканын билдирди.    

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн