Талас райондук Соцфонддун жетекчиси кызматкерлерден пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Социалдык фонддун Талас району боюнча жетекчиси кызматкерлердин иш сапар чыгымдарына бөлгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүргөндөн кийин, тергөө амалдары ачылган. Ю.И.С. сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң сом өлчөмүндө накталай акча сунуш кылган", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып бирдиктүү реестрге катталган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн