Бугу 13, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Талас районунун акиминин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

29.07.2021 11:29
460
Талас районунун акиминин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды


 2021-жылдын 28-июлунда Улуттук оопсуздук мамлееттик комитетинин кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары “Т.К.Р.” 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары КР жаранынан оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.


Тиешелүү далилдердин негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Т.К.Р." Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн