Бүгүн Талас шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлери үчүн салынган спорт залын көрүп чыкты.
УКМКдан билдиришкендей, төрага спорт залында түзүлгөн шарттар менен таанышып, ар бир кызматкер спорт менен жакын болуусу керектигин белгиледи.
Ошондой эле, коопсуздук кызматкерлеринин дени сак жашоосу, алардын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруусуна себепчи болоорун кошумчалады.
Аталган имаратта волейбол, баскетбол аянтчасы жана кошумча машыгуу залы каралып, тийиштүү жабдуулар орнотулган.
Белгилей кетсек, спорт залын курууга Президенттик фонддон 50 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталып, 2024-жылы бүткөрүлүп, май айында пайдаланууга берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн