Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 10:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Талас шаарында ири үч завод, сегиз ар кандай аттракцион курулат

14.07.2024 18:16
639
Талас шаарында ири үч завод, сегиз ар кандай аттракцион курулат


Талас шаарында ири үч завод, сегиз ар кандай аттракцион курулат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев билдирди.


Маалым болгондой, Садыр Жапаров ушул жылы Талас шаарын өнүктүрүүгө тапшырма берип, республикалык казынадан 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.


Мындан улам шаар мэри Эрмат Жумаев Кытайга иш-сапары менен барып, ал жактагы өндүрүшчүлөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышып келген.


"12-июлда Таласка завод куруу боюнча кытайлык өндүрүшчүлөр менен меморандумга кол коюлду. Завод, аттракциондорду кытайлык адистер салат", — деди мэр.


Анын айтымында, заводдун бири асфальт чыгарса, экөө темир-бетон жана кум-шагыл чыгармакчы. Завод иштеп баштаса, 100дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөрү кошумчаланды. Мындан тышкары, Талас шаарында 50 чакырым тротуар, веложолдор курулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн