Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таласка коронавирус кайдан барганы айтылды

11.06.2020 10:26
1030
Таласка коронавирус кайдан барганы айтылды


Талас облусуна коронавирус инфекциясы ички миграция аркылуу барды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-июндагы брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, жарандардын арасында илдетке кайдыгер карагандар көп болууда.


"Талас облусунда көпкө чейин илдет табылган эмес. Ал жакта ички миграция пайда болду. Сырт жактан оор жүк ташыган унаалар облус аркылуу көп өтөт. Жергиликтүү тургундар да башка жактарга барып келип жатат. Илдеттин чыгуусунун башкы себептери ушулар.


Буга чейин үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкеринен коронавирус табылган. Бүгүн анын кошуналарынын биринен жана жолдошунан инфекция аныкталды. Аны менен жалпы 96 адам байланышта болгон. Мунун баары тартипти сактабагандан келип чыгууда. Учурда тийиштүү чаралар көрүлүп, байланышта болгондор аныкталды”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн