Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 11:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Таласка курула турган "Атлах" комплексинин мыкты долбоору тандалды (фото)

08.04.2022 13:39
1445
Таласка курула турган "Атлах"  комплексинин мыкты долбоору тандалды (фото)

Талас облусундагы “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин мыкты долбоору тандалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана спорт жана жаштар саясаты министрлиги Талас облусундагы “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин мыкты долбоору тандалгандыгын маалымдайт.


Конкурстук комиссиянын чечими менен, "АСМАТ" ЖЧК студиясы жеңүүчү болуп табылды. Башкы архитектору М. Абдылдаев жана архитекторлор К.Турдакунов жана К.Бекбосун болду. 


Жобого ылайык, Министрлик тарабынан конкурстун жеңүүчүсүнө 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле, автор комиссиянын сунушун эске алып долбоорду толуктап иштеп чыгуусу керек.


Сынакка жалпы 8 долбоор келип түштү. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн