Бугу 11, 2024
Убакыт: 02:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Таласта 14 жаштагы өспүрүм үйүндө асынып каза болду

20.12.2022 10:28
501
Таласта 14 жаштагы өспүрүм үйүндө асынып каза болду

Таластын Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында 17-декабрь күнү 14 жаштагы А.С. аттуу өспүрүм үйүндө каза болгондугу жөнүндө билдирүү милицияга түшкөн.


Талас облустук милициясынан билдиришкендей, аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, Бакай-Ата райондук милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу жерине барып, текшерүү жүргүзгөн.


“Кыргызстан айылында өспүрүм үйдүн артында асынып каза болгондугу аныкталган. Анын сөөгү 18-декабрда жерге берилген. Ал эми окуя боюнча жакындары эч кимге арыз-дооматы жоктугун билдирген”, - деп айтылат маалыматта.


Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн