Бугу 12, 2024
Убакыт: 14:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Таласта 17 жаштагы кыз өзүнүн айылдашынан боюнда болуп калган

25.08.2022 14:06
691
Таласта 17 жаштагы кыз өзүнүн айылдашынан боюнда болуп калган

Талас облусунда 17 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.


Маалыматка караганда, 28-июнь күнү Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун Манас айылынын 2005-жылы туулган Ж.Ю. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал ушул эле айылдын тургуну 2003-жылы туулган С.Ш. аттуу баладан кош бойлуу болуп калгандыгын билдирген.


Аталган факты Талас РИИБинин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Анын жүрүшүндө 24 жумалык кош бойлуу экендиги аныкталган.


Учурда дайындалган соттук-психиатриялык экспертизасынын корутундусу жаңы гана даяр болгондуктан тергөөгө чейинки текшерүү иши башталды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн