Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Таласта 18 жаштагы жигит “Саратай” көлүнө чөгүп кетти

04.06.2020 11:33
761
Таласта 18 жаштагы жигит “Саратай” көлүнө чөгүп кетти

 

Талас облусунун Манас районунда 18 жаштагы жигит “Саратай” көлүнө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 3-июнь күнү саат 15:35 чамасында Чеч-Дөбө айылынын “Саратай” көлүнө 18 жаштагы эркек бала чөгүп кеткен.


Издөө иштерине ӨКМнын куткаруучулары, РИИБден 9 кызматкер жана айыл аймактан 35 адам тартылган.


Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн