Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Таласта 2 миңге жакын аз камсыз үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

08.04.2020 17:01
848
Таласта 2 миңге жакын аз камсыз үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү


Талас облусунда 1 988  аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 73 тонна 850 кг ун, 2 тонна 100 кг макарон, 850 литр өсүмдүк майы, 5 тонна 675 кг күрүч, 100 куту чай жана 500 кг кумшекер таркатылган.


Мындан тышкары, медициналык каражат гуманитардык жардам катары берилген.
Алар 6 тонна 744 кг хлор, 65 180 даана беткап, 1 403 литр антисептик, 670 даана коргоо костюмдары, 3 705 даана кол каптар берилген.


Маалыматка таянсак, облус боюнча көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 6 миллион 304,6 миң сомду түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн