Талас облусуна караштуу Манас районунун Кеңеш айылындагы мектепти 20 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр айылдык мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Манас районунун имамы Миржалал ажы Дадабаев билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү тургундар каражат топтошуп, мечиттин короосуна таман таш төшөп беришкен. Азыркы тапта оңдоо иштери аягына чыгып, 2 күндүк жумуш калган.
“Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү ашыкча ысырапкорчулук кылып, чоң иш-чараларды өткөрүп келишет. Биздин жигиттерибиз айылдагы мечитке колдоо көрсөтүүдө”, - деди Миржалал ажы Дадабаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн