Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таласта обсервацияда комендант жана дарыгер болуп иштеген 60 жаштагы иммунологдун маеги

15.05.2020 14:33
3281
Таласта обсервацияда комендант жана дарыгер болуп иштеген 60 жаштагы иммунологдун маеги


Талас облусунда чет жактан келип, коронавируска шектелген жарандар жаткан обсервациялык жайда иштеген, жашы алтымышка таяп калган иммунолог врач Барчайым Сүйөркулова илдетке каршы туруу боюнча өзүнүн кызматтык милдеттери тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек курду. Ошондой эле, ал Таласта эмне үчүн бул илдеттин бир дагы учуру катталбаган себебин айтып берди.


Дарыгер тууралуу

Сүйөркулова Барчайым Турусбековна 1960-жылы 19-майда Талас районундагы Көк-Ой айылында туулган. Медицина тармагында 42 жылдык тажрыйбага ээ. Кесиби боюнча иммунолог дарыгер. Талас районундагы №6 Көк-Ой лицейинде уюштурулган обсервациялык жайда врач жана комендант болуп жергиликтүү бийлик тарабынан дайындалып, 26-марттан тартып  иштеп жатат.



Үстүбүздөгү жылы 26-мартта Ош-Талас боюнча каттаган 23 бала абсервацияга алынып, ошол балдарды карап жаткам. Алар 7 күн жатып чыгышкан. Экинчи жолку кабыл алуу Түркиядан келген 13 адам болду. Алар 26-апрелде келип, 14 күн жатып, 8-майда кайталоо анализи таза чыккандан кийин толугу менен үйлөрүнө кайтышты. Жалпысынан биздин обсервацияда 36 жаран жатып кетишти. Азыр убактылуу жабык жана кийинки кабыл алууга даярдыктар көрүлгөн. Эгерде дагы адамдарды жаткыруу боюнча зарылдык болсо, биз кабыл алууга даярбыз.


Обсервацияда жаткандардын ден соолугу өзгөргөн учур болгон жок

Бизде шарттардын бардыгы түзүлгөн. Медицина кызматкерлеринин баары тийиштүү коргонуу каражаттары менен камсыздалган, антисептик жана санитайзерлердин бардыгы толугу менен камсыз болгон. Андагы жарандар эртең менен саат 8де турушат. Таңкы тамактануу, дене табын өлчөө, кан басымын текшерүү иштери жүргүзүлөт. Бир бөлмөдө экиден адам жаткырылган. Алар түшкүсүн эс алышат. Андан кийин түшкү тамактануу: биринчи жана экинчи ысык тамагы. Кечкисин кайрадан дене табы өлчөнүп, кан басымы ченелет. Бирок бир дагы денеси ысыган же кан басымы өзгөргөн учур катталган жок.

 


Терс адаттарын көрсөткөн адамдар болгон жок

Бизде Кудайга шүгүр, менин жеке мүнөзүмө, шайыр кыялыма байланыштуубу айтор бардык бейтаптар менен жакшы тил табышып сүйлөшүп, аларга психологиялык жумшак мамиле жасап, аларга жакын болгондуктан болсо керек, бир дагы качып кетүүгө аракет жасап же терс адаттарын көрсөткөн адамдар болгон жок. Жаңы келгенде албетте, шарттары менен тааныштыргыла деп өздөрүнүн талаптарын коюшат, бирок бизде бардык шарт түзүлгөн: даараткана, жуунучу жай, тамактануу жайы бардыгы уюштурулган.

Обсервация кандай уюштурулуп, кандай кирдик, ошол күндөн бери эч жакка чыккан жокпуз, үйүбүзгө да барууга мүмкүн эмес болду. Эртең менен дароо коргонуу кийимдерин, өтүк, беткап, көз айнек тагынабыз кечке ошол бойдон жүрөбүз. Обсервациядагылар кайткандан кийин бир жума жатып анан үйлөрүбүзгө чыгып кеттик.



Таласта эмнеге коронавирус жок?

Таласта облустук бийликтин тынымсыз жана күжүрмөн жасаган иш-аракеттеринен улам коронавирус илдети катталган жок деп ойлойм. Өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлү Марат Мураталиев бул илдеттин жайылышын ооздуктоо, элдин коопсуздугу үчүн катуу иштерди жүргүзүп жатат. Адегенде эле 24-январь күнү Казакстан менен Кыргызстандын чектешкен Жамбыл районундагы “Капка” бажы көзөмөл пунктуна барып, чек арадан өткөндөрдү тепловизор менен текшерүү иш-чарасына 60ка чыкканыма карабай биринчилерден болуп бир бала менен мен баргам. Ошол күнү эле катуу чаралар менен башталган тартип азыркы күнгө чейин катуу иштейт. Мен дагы жаштарга көп лекция окуйм, бийликке, медицина кызматкерлерине чогулуп жардам берсек, ошондо гана оору келтирбейбиз деп чакырык жасайм. Бийликтин жакшы иштегендигинен Таласта катталган жок.


“Таластыктарда өпкө жок, ошондуктан илдет жок” деген деле сөздөргө чыдап жатабыз

Учурда Таласта эмне үчүн вирус жок деген саясат жүрүп жатат. “Өпкөсү жок таластыктардын, ошон үчүн чыккан жок” деген деле сөздөргө чыдап жатабыз. Азыр майдын башынан бери карантиндин талаптары жеңилдетилди. Бирок Таласта блокпосттор дагы деле бар, бир айылдан экинчи айылга өтүү дагы да болсо чектелген. Өтө зарыл болгондо гана атайын маалымат кат, уруксат кагазы менен өтүүгө болот. Бет кап кийбегендерге айып салынат. Бийликтен баштап, медицина тармагынын жетекчилери, санитардык-эпидемиологдор бардыгы катуу күчөтүлгөн тартип жана жоопкерчилик менен иш алып барышат. Кудайга шүгүр ошол себептен бизде оору катталган жок деп ойлойм.


Компенсациялык төлөмдөр берилди

Обсервацияда жана ыкчам топто иштеген медицина кызматкерлерине убадаланган компенсациялык төлөмдөр таратылды. 7 миң сомдон 25 миң сомго чейинки төлөмдөрдү алдык, ыраазыбыз.


Таластан 1000 кишини каттатууга үндөгөндөр

Эл арасында айтылып жаткандай, коронавирус боюнча каттап коюуга кызыктар болгон топтордун сунушун мен көргөн жокмун. Бирок бир жолу телефонума СМС келди. Анда медиктерге “Талас облусунан 1000 кишини коронавируска чалдыкты деп каттап бергиле” деген сунуш болгону тууралуу сүйлөшүү жазылган экен. Мен муну угаарым менен дароо Талас районунун акимине айтып, териштирүүнү сурандым. Иликтөөнүн жыйынтыгында бул иштер менен алектенгендер табылып, кечирим сурашыптыр. Дагы бир медайым коронавирус чыкты деп жалган каттатып коюптур, аны дагы кечирим суратып, кызматтан алышты.


Ушакчыларга кайрылуу

Эл арасында ар кандай ушак жүргүзүп жаткандарга кайрыларым, өз көзүң менен көрбөгөндөн кийин бирөөнүн ушагына таянып эч нерсе айтпа. Тартипти катуу сактап, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды туура кармап, жеке гигиеналык эрежелерди дайым колдонууга чакырат элем. Ошондой эле элдерди позитивдүү маанайда болууга үндөйм.  


Вирустун күчү июнда солгундашы мүмкүн

Пандемия июнда токтоп калат, деген үмүттө турабыз. Күз айларында экинчи толкуну жүрөт деген болжолдоолорун айтып жатышат. Бирок бул жөн гана илимпозордун прогнозу, кандай тумоо болбосун жаз жана күз айларында козголот эмеспи, ошого карата айтылган болжол, аны эч ким так далилдей элек. Буюрса сентябрь айында ооруга каршы вакцинация иштелип чыгат деп жатышат. Бул ооруудан кутула турган күн келет!

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн