Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Таласта 7-апрелде каза болгондорго куран окулду

06.04.2020 18:40
855
Таласта 7-апрелде каза болгондорго куран окулду


Талас шаарында 7–апрель окуясында каза тапкан мекен шейиттери эскерилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, куран окутуу бүгүн, 6-апрелде Талас шаарындагы шейиттер аллеясында өткөн. Ага облустук администрациясынын жетекчилери, Талас шаарынын мэриясынан жана Талас облусунун казысынын орун басары Медер ажы Сагынбаев катышканы айтылат.


Ал эми, иш-чарага коронавирус пандемиясына байланыштуу аз санда адамдар катышканы.


“Апрель баатырларынын арбагы эч качан унутулбайт. Алар эл -жер үчүн жан берген эр азаматтар. Биз силерге түбөлүк таазим этебиз. Мекенибизге жаркын жашоо алып келген силерсиңер”, — дейт Талас облусунун казысынын орун басары Медер ажы Сагынбаев. 


Эске салсак, 7-апрель Элдик революциясы күнү катары белгиленип келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн