Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Таласта 7 млн сомго 60 орундуу оорукана оңдолот

06.10.2021 16:59
3109
Таласта 7 млн сомго 60 орундуу оорукана оңдолот

Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Артур Жуманазаров менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


 Тараптар, жолугушуу учурунда Талас облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин ар кыл маселелерин талкуулады. Облус башчысы Бакытбек Нарбеков, Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы 15 жылдан бери кароосуз калган 60 орундуу оорукана, 7 миллион сомго толук каптиалдык ремонттон өтүп ишке кирүү алдында турганын билдирди. Ошондой эле, имараттын жанында жайгашкан корпусун ремоттон өткөрүп медицина кызматкелерине турак-жай кылуу зарылдыгын, ал үчүн 3 миллион сомдой каражат керектелип жатканын кошумчалап мүмкүн болсо аталган каражатты чечип берүүнү Артур Жуманазаровго сунуштады. 


Артур Жуманазаров, өз кезегинде Талас облусуна медициналык мекемелердин ишиндеги айрым көйгөйлүү маселелерди жеринде көрүп таанышуу максатында келгенин айттып аталган маселени чечип берүүгө өз салымын кошууга даяр экенин билгизди. 


Жолугушууга катышкан саламаттыкты сактоонун Талас облусундагы координатору Айжамал Шабетова, 2017-жылы салынып бүткөн Аманбаев айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жана 2020-жылы каптиталдык ремонттон өткөн Көк-Ой айылындагы жугуштуу ооруулар ооруканасынын ремонт иштери сапатсыз болгондуктан жыл айланбай көптөгөн ыңгайсыздыктар жаралып жатканын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында Талас облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин ар кандай мүчүлүштүктөрүн биргеликте чечүү боюнча макулдашылды. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн