Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 21:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Таласта Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

24.02.2023 17:36
550
Таласта Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

Милиция Казакстанга 12 баш жылкыларды уурдап өткөрүүгө шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка таянсак, 2022-жылдын 5-декабрынан 6-декабрына караган түнү ​ ​ ​ Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын тургундары Б.Аскар уулуна жана И.Джолумбековго тиешелүү болгон 12 баш жылкы Ак-Жар айылынын түндүк батыш тарабындагы үлүш жерлерден уурдалып, Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасын бөлүп туруучу чек ара зымынын № 284-чек ара белгисинен Казакстан Республикасы тарапка өтүп кеткендигин билдирген.


Аталган факты 2023-жылдын 1-январь күнү Кыргыз Республикасынын КЖКнин ​ 205(Уурдоо) -беренесинин белгилери​ менен Кара-Буура​ РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алдын-ала тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган.

Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Казакстан Республикасына иш сапарына барып, ИИОнын кызматкерлери менен мал уурулук фактысы боюнча атайын жумушчу топ менен ​ ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп келишкен.

Милиция кызматкерлери ыкчам аракеттердин негизинде 2023-жылдын 21-февраль күнү аталган кылмышка шектүүлөрдү колго түшүргөн.

Алар ​ Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын ​ 1976-жылы туулган тургуну ​ Э. уулу М. ​ жана ​ Куру-Маймак ​ айылынын ​ 1983-жылы туулган ​ ​ М.А. экендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө алар кармалып, тийиштүү 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн