Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:17
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Таласта Киров суу сактагычына ГЭС курулат

30.07.2021 09:16
1749
Таласта Киров суу сактагычына ГЭС курулат


 

 Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

 

Тараптар, Киров суу сактагычына ГЭС куруу долбоорун жеринде талкуулашты. “Гидро проект” ишканасынын техниги Аскар Каленовдун айтымына караганда, учурда ГЭС курула турган аймакка геодезиялык жумуштар жүргүзүлүүдө.


Министр Доскул Бекмурзаев, ГЭС 30 мегаватт кубаттуулукта болуусу күтүлүп жатканын жана ГЭСтин келечекте ишке кирүүсү, сугат суу системасына эч кандай таасирин тийгизбейт экендиги белгиледи.


Өз кезегинде, Бакытбек Нарбеков, долбоорду демилгелеп алгачкы иш аракеттер менен жерине таанышып жаткан Доскул Бекмурзаевге, Талас элинин атынан ыраазылык билдирди. Ошондой эле, ГЭСтин курулушун ишке ашырууда жана тийиштүү иш кагаздарын мыйзамга шайкеш келтирүүдө ар тараптуу жардам берерин кошумчалады. 

   

Белгилей кетсек, облус башчысы Бакытбек Нарбеков, 26-июлда Манас районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын отурумунда, Киров суу сактагычына 22 миллон долларга ГЭС куруу боюнча доолбор пландалып жатканын билдирген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн