Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Таласта адам уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Таласта адам уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Таласта киши уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын январь айынын аягында Бакай-Ата районунда төрт киши түн ичинде айылдын бирине жергиликтүү тургунга жолугуу үчүн келишкен. Эки жаранды унаага күч менен салып, аларды ээн жерге алып барып, сабашкан.


Фактылар КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө үч шектүү бир маалда кармалып, бирөөсү качып кетүүгө үлгүргөн.


Ал 12-мартта табылып, камакка алынган. Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү М.М. мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн