Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Таласта айыл өкмөтү шайлоого аралашканы үчүн кызматтан бошотулду

12.11.2021 15:06
556
Таласта айыл өкмөтү шайлоого аралашканы үчүн кызматтан бошотулду

Айыл өкмөт башчысы шайлоо өнөктүгүнө аралашканы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Талас облусу боюнча өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аралашкандыгы үчүн Талас районунун Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Молдокулов Бактыбек Сурапович 2021-жылдын 12-ноябрынан баштап ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Талас райондук мамлекеттик администрация башчысы Нургазы Нармырзаев кол койду.


 Белгилей кетсек, айыл өкмөт башчысы “2021 жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрында жарлыгына ылайык кызматтан алынган.

 

Ошондой эле, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасын мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык айыл өкмөт башчысын кызматтан алууну райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими ишке ашырды.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн