Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн акысын "жеп жүргөн" кызматкерлер аныкталды

17.04.2023 11:25
454
Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн акысын "жеп жүргөн" кызматкерлер аныкталды

Талас областтык прокуратурасы тарабынан жарды үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга багышталган өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттардын республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү боюнча кылмыш иштеринин тергөөсү аяктады.


Тергөөнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын кызмат адамдары «Н.Н.А.», «Ч.Л.К.», «Х.Л.Н.», «К.Т.С.», «С.Г.А.» жана «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун Талас райондук филиалынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 346 (“Кызматтык жасалмачылык”), 379 (“Документтердин жасалмасын жасоо”) беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыптары угузулган.


Айыпталуучулар тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 7 млн 111 миң 586 сомдун орду толтурулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн