Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Таласта баасы 875 миң сомдук аткезчилик менен ташылган тамеки аныкталды

23.05.2022 16:03
602
Таласта баасы 875 миң сомдук аткезчилик менен ташылган тамеки аныкталды

Таластагы Кыргыз-Казак чек арасындагы өткөрмө пункту аркылуу тамекини аткезчилик жол менен ташып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. УКМКнын чек ара кызматынан жүктүн жалпы баасы 875 миң сомду түзөрүн кабарлашты.


Белгилүү болгондой, 22-майда Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардын биринен Мерседес-Бенц Спринтер унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Анда унаадан тиешелүү уруксат кагаздары жок 90 кутудагы тамеки алынган. Жүктүн жалпы баасы болжол менен 875 миң сомду түзөт. Айдоочу тамекилерди Кыргызстандан Казакстанга алып өтүүгө аракет кылган.


Тиешелүү документтер топтолгондон кийин айдоочу жана алынган жүктөр компетенттүү органдарга тергөө үчүн өткөрүлүп берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн