Бугу 13, 2024
Убакыт: 11:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон бериле баштады

13.07.2022 14:53
956
Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон бериле баштады


Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон бериле баштады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Абдымалик соцтармакка жазып чыкты.

Анын айтымында, облус башчысы Бакытбек Нарбеков 37 айыл өкмөттүн ар бирине барып, элге отчёт берген.

“Элдик жыйындарда Нарбеков дарыгерлердин жетишсиздигин чечүүнүн жолдорун айтып, дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон сүйүнчү берерин убадалаган. Бүгүн айткан сөзүнө туруп, Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургундары, жаш жубайлар Чыңгыз Айдаралиев менен невролог Назгүл Жолдубай кызынын баш кошкондугуна байланыштуу 50 миң сомдук сүйүнчү сертификатын тапшырды”, - деп жазган Абдымалик.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн