Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 21:53
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Таласта эс алып жүргөн адамдарды УКМКнын кызматкерлери тапанча менен коркутуп, сабаган

22.06.2021 13:32
991
Таласта эс алып жүргөн адамдарды УКМКнын кызматкерлери тапанча менен коркутуп, сабаган


Талас облусунун Беш-Таш эс алуу жайында эс алып жүргөн жөнөкөй жарандар менен УКМКнын Талас облусундагы кызматкерлери ортосунда келишпестик чыккан. Келишпестик чатакка айланып кеткен. 


"Кактус.медиа" редакциясынын маалыматына таянсак, УКМК кызматкерлери менен жөнөкөй жарандар эс алуучу жайдын дарбазасына жакын жерде чатакташкан. УКМК кызматкерлери алардын оозуна тапанча такап, ур-токмокко алган. 


Сабалган жарандардын бири ооруканага түшкөн. Дагы бири УКМК кызматкерлерине каршы көрсөтмө берүүдөн корку жашынып жүрөт.


Учурда УКМК кызматкерлери Талас облустук милициясында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн