Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Таласта хирург Жумабеков каза болду

22.02.2021 14:30
1793
Таласта хирург Жумабеков каза болду

Хирург Масалбек Жумабеков Талас шаарында каза болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.


Маалыматка ылайык, 79 жаштагы Масалбек Жумабеков Талас облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө иштеген.

Ал 2021-жылы 22-февралда көз жумган.


Масалбек Жумабеков 1942-жылы Талас районунун Ак-Терек айылында туулган.


1960-жылы Ленин атындагы колхоздо тракторист болуп иштеген. 1967-жылы Кыргыз медициналык институтуна тапшырган. Окууну аяктагандан кийин Киров райондук ооруканасында жана Пржевальск шаардык ооруканасында хирург болуп иштеген.


1970-жылы Талас медициналык окуу жайында сабак берген. Андан кийин ал облустун шаардык жана райондук ооруканаларында хирург болгон. Облустук оорукананы жана хирургиялык бөлүмдү жетектеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн