Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Таласта каржы пирамидасына алданган 200дөй адам митингге чыкты

05.07.2021 15:40
736
Таласта каржы пирамидасына алданган 200дөй адам митингге чыкты

Бүгүн, 5-июль күнү Министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдына ондогон адамдар топтолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.


Маалым болгондой, чогулган адамдар акча пирамидасына акча салып, кайра кайтара албай калганын айтышып, бул пирамида улансын деп талап кылышты. Бул акча пирамидасын уюштургандар учурда камакка алынган. Чогулгандар аларды бошотуу талабын коюшууда. Алар менен өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков жолукту.


Бакытбек Нарбеков чогулган элге бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтты.


«Ар кимиңиздер мыйзам ченемдүү гана аракеттерди жасаңыздар. Андан аша чаап кетпеңиздер. Бүгүнкү күндө «Эл биримдиги» финансылык пирамидасын иштеткен адамдын үстүнөн 204 арыз түшкөн. Ал соттун санкциясы менен камакка алынган. Бир жолу, баягыда астыңыздарга барганда бул жөнүндө айтып, эскерткем. Азыр баары териштирилип, мыйзамдуу гана иш-аракеттер жүрөт. Атайын топтордун акча тараткан топ башчылары бар экен. Алар бардыгы бирден иликтенип чыгат. Азыр соттун чечими менен мыйзамда каралган процедуралар көрүлүп, сот чыгат десе чыгат. Камалып, тиешелүү жаза алат десе, ошондой болот», - деди ал.


Булак: "Турмуш"


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн