Бугу 07, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Таласта кичинекей кыздарга ыплас аракеттерди жасаган жаран кармалды

07.09.2021 09:01
1165
Таласта кичинекей кыздарга ыплас аракеттерди жасаган жаран кармалды

Таласта кичинекей кыздарга ыплас аракеттерди жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, 3-сентябрь күнү Талас ШИИБинин 102 кызматына телефон аркылуу шаар тургуну билдирүү жасаган.


Анда май куюучу жайдын жанында бейтааныш адам бычак менен ошол жерде турган жарандарды кубалап жүрөт деп билдирген.


Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү жүргүзгөн учурда Талас шаарынын төрт жараны түшүнүк кат жазган. Анда алардын 6 жана 7 жаштагы кыздарын кошуна жашаган 1999-жылы туулган А.Т. аттуу жаран алдап үйүнө алып барып, ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгүн билдиришкен.


Аталган билдирүүлөр Талас ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


Учурда бул иш боюнча тийиштүү тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мындай шумшукторду аты́п салса да аздык кылат
Элдин ортосуна чыгарып ташбаранга алса ту́ура болот