Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Таласта коронавирус 3 адамдан табылды. Облус башчынын түшүндүрмөсү

11.06.2020 14:27
955
Таласта коронавирус 3 адамдан табылды. Облус башчынын түшүндүрмөсү


Талас облусунда коронавирус катталган алгачкы учур облустук үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеген дарыгерден табылды. Бул тууралуу 11-июндагы брифингде өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди. 


Анын айтымында, дарыгер мобилдик топто 15-майдан 31-майга чейин иштеген. 


"Учурда Талас облусунда коронавирус илдети менен 3 учур катталды, алар жогоруда айткан медицина кызматкери, анын жолдошу жана жолдошунун досу. Медицина кызматкеринин жолдошу Чынгыз Айтматов атындагы чоң жолдун жээгинде дүкөн иштет экен. Илдет табылган киши түштүктөн Россия жана Казакстанга Талас аркылуу оор жүк ташыган айдоочулар менен байланышта болгону аныкталды. Себеби дарыгер айымыбыз  майдын 15нен 31не чейин мобилдик топ менен жүргөн жана алардын биринен да илдет табылган эмес. Мындан улам инфекцияны күйөсү аркылуу жуктурган деген божомол бар. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, 1-2-жактарда байланышта болгон 212 адамдан ПЧР-анализи алынып, бардыгынын жыйынтыктары таза чыкты", - деди өкүл. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн