Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июндагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 1, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 1 жана Талас облусунда – 1 ак халатчандан илдет табылды.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылган. Инфекциядан
сакайган медиктердин жалпы саны 294кө жетти.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен
медицина кызматкерлеринин арасында – 409 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн