Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Таласта лицей кызматкерлери айлыгын 9 эсе көтөрүп алган

22.06.2022 11:48
655
Таласта лицей кызматкерлери айлыгын 9 эсе көтөрүп алган


Таластагы кесиптик лицейдин кызматкерлери өздөрүнө айлыкты мыйзамсыз негизде 9 эсе көбөйтүп алып жүргөнүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

"Бекитилген тарификациялык тизмеге карабастан, жалпы 2 миллион 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан. Мисалы, тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери К.Т. 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон", — деп айтылган маалыматта.

Аталган факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн