Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Таласта мал базарда уурулук кылган чөнтөкчү кармалды

30.04.2023 12:24
582
Таласта мал базарда уурулук кылган чөнтөкчү кармалды

Бүгүн эртең менен ​ Талас районуна ​ караштуу мал базардан ууру кармалды деген видео б боюнча облустук милиция билдирүү таратты.


Маалыматка ылайык, аталган окуя Талас РИИБдин ​ маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. ​ Окуя болгон жерге Талас РИИБдин Тергөө ыкчам тобу барып текшерүү иштерин баштаган. ​


Текшерүү учурунда ​ ​ Бишкек шаарынын тургуну​ өзүн ​ 1993-ж.т. Ш. уулу​ Э. деп тааныштырган жаранды ​ мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган”-деп, мал базардын батыш тарабындагы электр жарык берүүчү темир карагайга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.


Текшерүү учурунда​ Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын ​ 1976-ж.т. ​ М.И. аттуу жаран мал базардан ​ 60000 (алтымыш миң) сом акча ​ ​ каражатын белгисиз адамдар тарабынан ​ уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Мындан тышкары Талас облусунун Кара-Буура району Чолпонбай айылынын ​ 1999-ж.т. Ж. уулу К. ​ дагы мал базардан ​ ​ өзү асынып жүргөн кол сумкасынын ичинен 6000 (алты миң) сом акча каражаты белгисиз адамдар таарабынан​ уурдатып кеткенин билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алынып келинген.


Ал ​ Ысык-Көл облусунун ​ Ысык-Көл району Григорьевка айылынын ​ 1989-ж.т А. Э. ​ экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан ​ жалпы 35 200 (отуз беш миң эки жүз) сом акча каражаты алынган.

Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери ​ иш-алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​ аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды.


Шектүүнү милицияга алып келишип, өздүгүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп ​ жатышат.


​ Кармалган шектүү боюнча анын ​ башка кылмыштарга тийиштүүлүгү боюнча дагы иликтөөлөр жүрүп жатат. Мыйзам чегинде ​ чечим кабыл алуу максатында ​ текшерүү иштери жүргүзүлүп ​ жатат.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн