Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Таласта майыптыгы бар кыз зордукталды

26.04.2022 11:55
723
Таласта майыптыгы бар кыз зордукталды

Таласта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаган деп шектелип 1980-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Билдирүүгө ылайык, Бакай-Ата районунун Үйүр-Марал айылынын 1985-жылы туулган Т.Э. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 18-апрелде саат 18:30 чамасында 1992-жылы туулган К. кызы Н. аттуу 1-топтогу майып карындашын Боди аттуу киши зордуктаганын билдирген.


"Аталган билдирүү Бакай-Ата РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү учурунда шектүү катары​ ​1980-жылы туулган А.Н. ​аттуу тургун кармалган. Ал эми жабырлануучу кыз соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн. ​Жыйынтыгында денесинде күч колдонулган белгилер болгон эмес. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда", - деп билдиришти облустук милициядан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн