Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Таласта милиция кызматкери аялынын өлүмүнө шектелүүдө

30.12.2021 10:12
617
Таласта милиция кызматкери аялынын өлүмүнө шектелүүдө



Талас шаарында 29 жаштагы келин алган жаракатынан каза болду. Бул тууралуу  облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 29-декабрь күнү 10:40 чамасында милицияга «Тез жардам» кызматы Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болгону тууралуу кабарлаган.


Текшерүү учурунда денесинде көк ала тактар бар экен аныкталган. Кымышка шектелип келиндин 33 жаштагы күйөөсү кармалды. Милиция факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде («Киши өлтүрүү») кылмыш иши козголгонун, учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.


Айрым маалымат булактары келиндин күйөөсү ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу тармагында иштей турганын жазышты.

Айрым маалымат каражаттар келиндин күйөөсү жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштей турганын, аялын сабап, эс-учун жоготуп койгондо «Тез жардамды» өзү чакырганын жазышты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн