Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Таласта милиция кызматкерлери ишкерлерди мыйзамсыз текшергендиги үчүн жазага тартылды

19.01.2024 16:00
483
Таласта милиция кызматкерлери ишкерлерди мыйзамсыз текшергендиги үчүн жазага тартылды


Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык прокуратурасы тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо жана сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө эки кызмат адамы мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөндүгүт аныкталып, жоопкерчиликке тартылган.

КР “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы жана президенттин жарлыгы менен ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө коюлган чектөөлөргө карабай Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыктын башкы инспектору Т.С.Д. “Б” ЖЧК тарабынан курулуп жаткан медициналык борборду текшерип, анын жетекчисине 200 миң сом айып пул салган.

Ошондой эле, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ж.К. мыйзам талаптарын бузуп, “Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо” Автоматташтырылган маалыматтык системасына каттоо жүргүзбөстөн, “С.К.” ЖЧКсы тарабынан Талас шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулуш иштерин мыйзамсыз текшерүүгө алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан тергөөчү Ж.К. жана инспектор Т.С.Д. карата укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, аларга 10 000 сомдон айып пул салынды.

Башкы прокуратура тарабынан КР президентинин “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт.

"Мыйзамсыз текшерүүлөр орун алган учурда Башкы прокуратурасы тарабынан бизнес коомчулугу менен биргеликте иштелип чыккан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси аркылуу фото жана видео материалдарды жибериңиздер же болбосо ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча ишеним телефондоруна: +996 (312) 88-90-33, +996 (500) 19-20-54 билдириңиздер", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн